Кыргызстанга электромобилдерди алып келүүгө тарифтик жеңилдиктер жөнүндө

Новости
04-Август 2023-ж.
2347

Ири шаарлардагы зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу, инновациялык технологияларды өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын импортуна тарифтик жеңилдиктерди берүү маселесин көтөрдү. 

Жыйынтыгында 2022-жылдын 17-мартында ЕЭК Кеңешинин №39 «Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча Бажы бирлигинин комиссиясынын жана ЕЭК Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечими кабыл алынган. Бул чечим менен Кыргыз Республикасына импорттолуучу электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен 2022-жылы  тарифтик квота - 5 миң жана 2023-жылга - 10 миң даана бирдик бөлүндү.

Бул тарифтик жеңилдиктин мөөнөтүн дагы 2 жылга узартуу үчүн, б.а. 2024-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2023-жылдын март айында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин “Электр кыймылдаткычтары бар автотранспорттун айрым түрлөрүнө Бажы бирлигинин комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечиминин долбоорун демилгелеген.

Бул долбоор ЕАЭБ 8703 80 000 2 TH СЭА коду боюнча классификацияланган, Кыргыз Республикасына импорттолгон электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө импорттук бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен тарифтик квотаны берүүнү карайт 2024-жылы - 15 миң бирдик. жана 2025-жылы - 20 миң бирдик. 

ЕЭК сайтында 2023-жылдын апрель, май жана июль айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан электр кыймылдаткычы бар автотранспорт каражаттары үчүн тарифтерди жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу маселеси каралды.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө бардык тараптар аталган чараны Кыргыз Республикасына да, Россия Федерациясын кошпогондо, ЕАЭБдин башка бардык мүчө-мамлекеттерине да узартууну колдошту.

Ушуну эске алуу менен бирдиктүү позиция түзүлө элек, ага байланыштуу ушул жылдын сентябрь айында импорттук бажы алымдарынан бошотуу маселесин кароо улантылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу