Түзүлгөн Ведомстволор аралык координациялык топ баалардын өсүшүн кармап калуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгат

Новости
27-Сентябрь 2015-ж.
2026

Экономика министрлигинде социалдык жактан маанилүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата болгон баалардын кескин жана негизсиз өсүшүнө ыкчам чара көрүү боюнча Ведомстволор аралык координациялык топ түзүлдү.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланышкан тобокелдиктерге адаптациялоо жана ыкчам чара көрүү боюнча штаб жөнүндө” токтому менен бекитилген Евразия экономикалык союзунун шарттарына Кыргыз Республикасын адаптациялоо боюнча чаралар планын аткаруу максатында кабыл алынды. Координациялык топтун курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киришти.

Ведомстволор аралык координациялык топ жыйындарды өткөрөт, баалардын өсүшүнүн себептерин жана баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгууну талкуулашат, алар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- рынокту товарлар менен толтуруу боюнча чара көрүү;

- алдын алуучу, анын ичинен ЕАЭБ алкагында бааларды кармап туруу боюнча чараларды көрүү;

- атаандаш мыйзамдардын алкагында чараларды көрүү;

- 2009-жылдын 22-апрелиндеги КРӨ токтому менен бекитилген бааларга, социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу