«Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын 100% коммерциялык конкурска коюу сунушталууда

Новости
27-Сентябрь 2015-ж.
1959

Экономика министрлиги тарабынан белгиленген тартипте Өкмөткө чечимдин долбоору киргизилген, аны менен «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын 100% коммерциялык конкурска коюу сунушталууда.

Коммерциялык конкурсту колдонууда менчиктештирүү обьектине карата милдеттенмелердин тизмеги белгиленет, аларды сатып алуучу өзүнө алышы керек. Бардык коюлган милдеттенмелерди өзүнө алып, эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөп берген жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирүү обьектинин сатып алуучусу болот.

Кадимкидей аукциондон мындай методдун артыкчылыгы- сатып алуучу тарабынан келишимдик милдеттенмелердин аткарылышына менчиктештирүүдөн кийинки контролду жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү. Келишимдик милдеттер аткарылбаган учурда, сатып алуу- сатуу келишимин жоюуну сот тартибинде демилгелөө мүмкүндүгү сакталат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу