Кыргызстандык текстилчилер үчүн Италиянын рынокторуна чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды

Новости
25-Июль 2023-ж.
1482

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен 2023-жылдын июль айында Ишкерлердин Евразиялык Бизнес Клубунун Ассоциациясынын алдындагы Текстилди өнүктүрүү борборунун демилгеси жана USAIDдин Борбордук Азиядагы соода долбоорунун каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын төрт тигүү компаниясы 2023-жылдын 11-июлунан 13-июлуна чейин Миландагы көргөзмөгө катышты. 

Бул платформа Италия рыногу менен түздөн-түз таанышууга жана өлкөбүздүн таанылышын жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Бул сапардын алкагында биздин катышуучулар төмөнкү жерлерде болушту:

- Италиядагы кездемелер жана аксессуарлар боюнча эң ири көргөзмө "Milano Unica";

- 85 жылдык тарыхы бар "Canali" эркектердин люкс кийимдерин чыгарган өндүрүштүк компания;

- кесүү бөлүмүн автоматташтыруу үчүн тигүү өнөр жайы үчүн инновациялык машиналарды жана жабдууларды чыгарууга адистешкен IMA Group компаниясы.

Бул сапардын жыйынтыгы жана алдын ала макулдашуулардын негизинде 2023-жылдын күз айларында Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен биздин рынок менен таанышуу максатында италиялык ишканалардын жооп кайтарган иш сапары пландаштырылууда.

Ошондой эле, ата мекендик жеңил өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү жана дизайнерлер 2023-жылдын 8-апрелинен 14-апрелине чейин Милан шаарындагы (Италия) Fiera Milano Rho көргөзмө борборунда өткөн ITMA эл аралык текстиль машиналары көргөзмөсүнө катышты.

Бул көргөзмө текстиль жана тигүү өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгарган дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн жолугушуулары үчүн эң таасирдүү жана ири эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат жана өнөр жай ишканаларынын технологиялык жана инновациялык потенциалынын деңгээлин жогорулатууга багытталган.

ITMA 2023 катышуу GTEX программасынын глобалдык компонентинин алкагында уюштурулган. ITMA текстиль жана кийим өндүрүүчүлөргө бизнесин өнүктүрүүгө жана өзгөртүүгө жардам берген инновацияларды көрсөттү.

ITMA 2023 төрт негизги чөйрөдө – заманбап материалдар, автоматташтыруу жана санариптик келечек, инновациялык технологиялар, туруктуулук жана айланмалык боюнча дүйнөнүн алдыңкы текстиль жана тигүү өндүрүүчүлөрүнүн жолугушуу жери болуп калды.

Иш сапардын жүрүшүндө көргөзмөнүн катышуучулары тигүү жана текстиль өнөр жайындагы инновациялык иштеп чыгуулар, экологиялык жана технологиялык чечимдерди эске алуу менен өндүрүштү башкаруунун жаңы ыкмалары, заманбап инновациялар жана алдыңкы санариптик технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш сапардын алкагында өткөрүлгөн семинарларга катышуунун жыйынтыгында экологияга эң аз зыян келтирүүчү тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн өндүрүш процесстерин калыптандыруу, продукцияны эл аралык рынокторго экспорттоодогу тоскоолдуктар боюнча маалыматка ээ болушту.

Иш-чарага катышуунун негизги максаттары: текстиль жана тигүү өнөр жайы үчүн акыркы технологиялар менен таанышуу, жаңы бизнес мамилелерди түзүү, инновацияларды/жаңы тенденцияларды издөө, жаңы продукциялар жана технологиялар жөнүндө маалымат алуу, адистештирилген семинарларга катышуу болду.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында 24 адам болсо, анын 16сы аялдар. Көргөзмөгө катышуунун натыйжасында 10 компания 42 жаңы бизнес байланыштарды түзүштү, 4 компания келечекте керектүү жабдууларды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү:

Brother фирмасынын чөнтөк автоматы;

- үч системалуу жеңил токуу станоктору;

- Audaces, Printex (Textile Labels), Juki фирмаларынын тигүү компаниялары үчүн жабдуулар;

- текстиль, жыгач жана булгаары кесүүчү лазердик машиналар;

- Juki акыркы муундагы «Тетиктердин термо-силикон байланышы» жабдуулары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу