Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында бажы тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды

Новости
13-Июль 2023-ж.
1623

Евразия экономикалык биримдигиндеги бажы кызматташтыгынын актуалдуу маселелери 2023-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен  Евразиялык экономикалык комиссиясынын Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Эльдар Алишеровдун ортосунда өткөн эки тараптуу жолугушууда талкууланды.

Ошондой эле, бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы жана салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Элнура Мамбетжунушева жана Адилет Дубанаев катышты.

Бул жыйындын алкагында Кыргыз Республикасында навигациялык пломбаларды колдонууга байланыштуу маселелер, ошондой эле электрондук түрдө уруксат берүү жагындагы “Бирдиктүү терезенин” ролу талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары бажы мыйзамдарына киргизүү пландалып жаткан бажы тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде келечекте адам факторун жок кыла турган бажы декларациясын электрондук түрдө тапшырууну талкуулашты.

Жолугушуу жемиштүү маанайда өтүп, анын жыйынтыгында тараптар бажы кызматташтыгын тереңдетүү боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу