Товардык белгиге өзгөчө укукту түгөтүү принцибин ЕАЭБ аймагында колдонуу боюнча талкуулоо болуп өттү.

Новости
30-Сентябрь 2015-ж.
2052

Учурдагы жылдын 3-сентябрында Экономика министрлигинин буйругу менен түзүлгөн, товардык белгиге өзгөчө укукту түгөтүү принцибин Евразия экономикалык бирлигинин аймагында мындан ары колдонууга карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны 2015-жылдын 30-сентябрында болуп өттү.

2014-жылдын 29-майындагы «ЕАЭС жөнүндө» Келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколдун жана товарлардын айрым түрлөрүнө карата ЕАЭС товардык белгисин, товардык белгиге өзгөчө укукту түгөтүү принцибин колдонуудан алып салууларды белгилөө тартибинин долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө белгиленген долбоорлорго сунуштар жана эскертүүлөр иштелип чыкты. Алар видеоконференция режиминде 2015-жылдын 1-октябрындагы кеңешмеде угузулат.

Буга чейинки жыйындардын жыйынтыгы боюнча интеллектуалдык менчиктин обьекттерине өзгөчө укукту түгөтүүнүн регионалдык принцибинен алып салуулардын критерийлери боюнча КР сунуштары даярдалды жана Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлгөн.

Критерийлер товарларга карата жогорулатылган баалардан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана ЕАЭС аймагында товарлардын тартыштыгына жол бербөөгө багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу