Министр Д.Амангелдиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын улуттук стенди менен таанышуу алкагында келечектүү өнөр жай ишканалары менен тааныштырды

Новости
12-Июль 2023-ж.
1170

2023-жылдын 11-июлунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары – Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров жетектеген Россия Федерациясынын делегациясы Кыргыз Республикасынын улуттук стенди менен таанышты.

КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген кыргыз делегациясы ЕАЭБ мейкиндигинде экспортко багытталган жана импортту алмаштыруунун жогорку деңгээли бар келечектүү өнөр жай ишканаларын тааныштырды.

Иш сапардын жүрүшүндө россиялык тарап айрым өнөр жай ишканаларынын продукцияларына кызыгып, «Кыргыз унаа курлуш» ЖЧКсы чыгарган жеңил унаалар, «Скай Индустриал Групп» ЖЧКсы чыгарган лифттер жана «Автомаш Радиатор» ЖЧКсы чыгарган радиаторлор жана «Дастан» ТНК ААК ишканасы чыгарган медициналык центрифугаларга кызыкты.

Министр Денис Мантуров тарабынан «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсынын жамаатына заводду Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июлундагы № 719 "Россия Федерациясынын аймагында өнөр жай продукциясын өндүрүүнү тастыктоо жөнүндө" токтомунда көрсөтүлгөн ишканалардын тизмесине киргизүү боюнча көмөк көрсөтүү чечими кабыл алынды. Ошентип, Россия Федерациясынын рыногуна жылуулук алмашуу жабдууларын жеткирүү боюнча кыргызстандык ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө каралды.

Ошол эле учурда Денис Мантуров менен жолугушууда «ТНК Дастан» ЖЧКсы медициналык центрифугаларды каттоо күбөлүктөрү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын аймагында да,   Россия Федерациясынын аймагында да, медициналык центрифугаларды каттоо процедурасы каржылык жактан кыйын болгондугуна байланыштуу бирдиктүү каттоо күбөлүгүн кабыл алуу боюнча өз сунуштарын айтты.

Ошондой эле Россия Федерациясынын ишканалары менен Кыргыз Республикасынын ишканаларынын ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери алдын ала талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова Татарстан Республикасынын Өнөр жай жана соода министрлигинин, Татарстан Республикасынын өнөр жай кластеринин, И.П.Бардин атындагы ЦНИИЧермет , «Бизнес Россия» коомдук уюму, «Газпромбанк» ААКсы, Ханты-Мансийск округу - Юрга, Челябинск облусунун Экономикалык өнүгүү министрлигинин делегациялары менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын стендинде Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларынын Россия Федерациясынын өнөр жайынын ар түрдүү тармактарындагы (курулуш материалдары, машина куруу, медициналык буюмдар, айнек куруу, металлургия, жеңил өнөр жай) ишканалары менен В2В жолугушуусу болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу