Бишкекте IV Кыргыз-Россия региондор аралык конференция болуп өттү

Новости
21-Сентябрь 2015-ж.
2205

2015-жылдын 22-сентябрында КР Экономика министрлигинин, РФ Экономикалык өнүгүү министрлигинин эгидасы алдында «Евразия экономикалык союзу. Региондор аралык кызматташуунун жаңы перспективалары» IV Кыргыз-Россия региондор аралык конференция болуп өттү. Конференцияга КР жана РФ региондорунун, профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун башчылары, эксперттери, ишкер чөйрөлөрүнүн жана уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.
Эки өлкөнүн делегациялары «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплекстеги Мемориалга гулчамбарлар коюлду.
Конференциянын ачылышы «Евразиялык интеграциянын контекстинде региондор аралык байланыштарды өнүктүрүү» пленардык жыйынынан башталды.

КР Президентинин саламдашуу сөзүн КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Темир Джумакадыров, РВ Президентинин саламдашуу сөзүн РФ Президентинин Чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги В.Чернов угузушту.
Бул Конференцияда РФ субьекттеринин башчылары, ошондой эле КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Талас жана Чүй облусундагы) сөз сүйлөштү.

Ошондой эле жалпыга маалымат каражаттарынүн өкүлдөрү үчүн пресс-конференция болуп өттү, мында интеграциялык процесстин заманбап этабында региондор аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча суроолорго спикерлер жооп беришти.

Биринчи жолу Конференциянын алкагында Кыргызстан-Россия Жаштар форуму болуп өттү, мында КР менен РФ ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жаңы перспективалары, ошондой эле заманбап экономикалык шарттарда интеграциялык бирикмелерди түзүүнүн кесепеттери талкууланды.

2015-жылдын 12-августунан тартып, Каыргызстан Евразия экономикалык союзуна толук укуктуу мүчө болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу