Министр Д Амангелдиев Иннопромдун башкы стратегиялык сессиясына катышты

Новости
11-Июль 2023-ж.
1190

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Өндүрүштүк өтүү: лидерлердин тажрыйбасы” аттуу ИННОПРОМ башкы стратегиялык сессиясына катышты.

Башкы ИННОПРОМдун стратегиялык сессиясында эл аралык курамдын жогорку децгээли, Европанын, Азиянын жана Африканын 11 спикер-министри болду. Сессиянын катышуучулары азыркы коогалаңдуу дүйнөдө өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жана жеткирүү түйүндөрүн реструктуризациялоонун улуттук өндүрүүчүлөргө тийгизген таасирин талкуулашты.

ИННОПРОМдун негизги стратегиялык сессиясын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин ачты. Ошондой эле Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу