Кыргызстандын 15 ата мекендик өнөр жай ишканалары жана уюмдары “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда

Новости
10-Июль 2023-ж.
1228

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аракеттеринин аркасында биздин ишкерлер 700гө жакын компаниянын өкүлдөрүнүн Иннопром-2023 аянтына, ошондой эле 400 россиялык-кытайлык ЭКСПО аймагына катышты. 35тен ашык эл аралык делегациялар жана Россиядан келген 25 аймактык делегациялар «Туруктуу өндүрүш: жаңылануу стратегиялары» деген бирдиктүү ураан астында бириккен.

Быйылкы жылы Белоруссия да өнөктөш өлкө болуп 125 ишканасы менен кирди. ЭКСПО аянтында Казакстан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай дагы өздөрүнүн иштеп чыгууларын көрсөтүштү.

«Бул иш-чарага катышуу менен өлкөбүз өзүнүн инвестициялык жана өнөр жай потенциалын көрсөтүүдө, ошол эле учурда жаңы тышкы өнөктөштөрдү табууга жана ар кандай келишимдерди түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алууда», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Свердлов облусунун губернатору Евгений Куйвашев «Иннопромдо» түзүлгөн келишимдердин түздөн-түз экономикалык эффектиси 500 миллиард рублга бааланганын билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу