Басма сөз билдирүү Кыргыз Республикасы биринчи жолу Екатеринбургдагы Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат

Новости
03-Июль 2023-ж.
713

2023-жылдын 10-июлунан 13-июлуна чейин Екатеринбург шаарында (Россия Федерациясы) өтө турган Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасы биринчи жолу катышат.


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Иннопром эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууга даярданууда.


Иннопром-2023 негизги темасы "Туруктуу өндүрүш: жаңылануу стратегиялары".


Бул көргөзмөдө 15тен ашык ата мекендик компаниялардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын жамааттык стендин көрсөтүү пландаштырылууда.


Ошондой эле, көргөзмөнүн өзүн ачуу жана өткөрүү алкагында министрликтин жетекчилигинин катышуусу пландалууда.


Ушуга байланыштуу кызыккан адамдарды Кыргыз Республикасынын стендине келүүгө чакырабыз!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу