Кыргызстандын жана Россиянын ишкер чөйрөлөрү региондор аралык кызматташууну кеңейтүүнү колдоого алышууда

Новости
20-Сентябрь 2015-ж.
2063

Бул тууралуу КР менен РФ Президенттеринин администрацияларынын өкүлдөрүнүн, профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматчыларынын, ишкер коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкек шаарында өткөн Региондор аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда соода-экономикалык кызматташуусунун маселелерин камтыгын беш багыт боюнча тематикалык дискуссиялардын жүрүшүндө белгилүү болду.

Ушул тегерек столдордун жүрүшүндө интеграциялык процесстин заманбап этабында региондор аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда соода жана инвестициялык байланыштарды диверсификациялоо. транспорт жана энергетика чөйрөсүндө мындан ары кызматташуу, эмгек жана адам ресурстары рыногунда сапаттуу өзгөрүүлөр.

Азыркы учурда Евразия экономикалык союздун алкагында товарлардын эркин кыймылын болжолдоочу товарлардын бирдиктүү рыногу иштейт. Ички чек араларда контролдун бажы, фитосанитардык, ветеринардык жана башка түрлөрүн жокко чыгаруу (чек арадан тышкары) товарлардын кыймылын тездетүүгө көмөк көрсөтөт, бизнеске убакытты экономдоого, жоготууларды төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзөт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын ченемдик укуктук тазасы ЕАЭС ченемдерине жана жоболоруна ылайык келтирилди.

Көрүлүп жаткан чаралар жаңы жумуш орундарын түзүү жана чыгарылуучу продукциянын көлөмүн жогорулатуу, анын ичинде экспорттоого мүмкүндүк берүүдө. Бизде артыкчылык бар болгон рыноктук нишаларында позицияларды чыңдоо керек болот- деп, билдирди КР экономика министри Олег Панкратов.

КР Экономика министрлиги менен РФ Экономикалык өнүгүү министрлиги тарабынан уюшулган Конференция эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, интеграциялык процесстердин шарттарында региондор аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун жана багыттарын аныктоо үчүн натыйжалуу аянтча болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу