Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Москвадагы жыйынынын жыйынтыгы тууралуу

Новости
27-Июнь 2023-ж.
1191

2023-жылдын 23-июнунда Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен министрдин орун басары Назарбек Малаев катышты.

 Күн тартибинде 34 маселе каралып, анын 19у тар, 15и кеңейтилген курамда болду.

Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү «Иран Ислам Республикасы менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө» маселени карашты. Ошентип, Комиссиянын Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасына карата Иран Ислам Республикасына арпаны жеткирүүгө 20 миң тонна өлчөмүндө тарифтик квота бөлүнгөн. 

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында дары-дармек каражаттарын идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоону киргизүү маселеси каралды. Документте маркировкалоо талаптары белгиленген мүчө мамлекеттердин аймагына ташып келүү максатында маркировкалоону киргизбеген дары-дармек каражаттарын мүчө мамлекеттердин аймагында маркировкалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылаарын белгилөө сунушталган. 

Бирок Кыргыз Республикасынын аймагында буга чейин дары-дармектерге байкоо жүргүзүү жана маркировкалоо системасы ишке киргизилген. Эмне менен байланыштуу экенин карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ЕЭКке ушул жылдын август айында өтүүчү Комиссиянын Кеңешинин отурумунда дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүүнүн жана маркировкалоонун буга чейин иштеп жаткан системасын эске алуу менен бул маселени андан ары иштеп чыгуу тапшырылды.

Комиссиянын кеңеши Фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени жылдырууну колдоду. Чечимдин долбоорун кабыл алуу мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнөн үчүнчү өлкөлөргө фармацевтикалык продукцияны экспорттоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле талкуунун жүрүшү менен ЕАЭБдин техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документтер жактырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Комиссия Кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармагындагы кооперациялык долбоорлорун ишке ашырууда Евразия экономикалык комиссиясынын өз ара аракеттенүү механизмин карашты.

Айрым маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды:

- “Товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринин №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын максаттары үчүн» чечим кабыл алынды.

- “Бажы биримдигинин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” чечим кабыл алынды.

(TR CU 018/2011)";

- “Товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринин №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулардын максаттары үчүн» чечим кабыл алынды.

- «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Жарлык кабыл алынды.

Мындан тышкары, Комиссиянын Кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин 2022-жылга карата жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүүнүн жүрүшү жөнүндө отчетторду угушту. 

Алдын ала ЕЭК Кеңешинин кийинки отурумун 2023-жылдын июль айынын башында өткөрүү пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу