Бажы биримдигинин шайкештик сертификаттарын жана декларацияларын алуу эрежелери түшүндүрүлдү

Новости
20-Сентябрь 2015-ж.
2032

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору машана куруу комплексинин, анын ичинде тиричилик техниканын продукциясын өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын катышуусу менен семинарды уюштурду.

Семинардын жүрүшүндө Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин Кырыз Республикасынын аймагында колдонуу маселелери түшүндүрүлдү. Атап айтканда, Сыноолор, сертификатташтыруу жана метрология Бишкек борборунун эксперттери Бажы биримдигинин: «Аз вольттуу жабдуунун коопсуздугу», «Машиналардын жана жабдуунун коопсуздугу жөнүндө», «Техникалык каражаттардын электромагниттик сыйышкычтык», «Газ түрүндөгү отунда иштеген аппараттардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенттеринин презентацияларын көрсөтүштү.

Семинардын катышуучулары Бажы биримдигинин шайкештик сертификаттарын жана шайкештик декларацияларын алуунун эрежелерин менен таанышышты, ошондой эле өздөрүн көптөгөн суроолоруна жооп алышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу