«Электрондук коммерция ЕАЭБдин соода потенциалын өнүктүрүүнүн актуалдуу багыты болуп эсептелет»

Новости
20-Июнь 2023-ж.
1182

Арзыбек Кожошев - «Биз Биримдиктин ички өндүрүүчүлөрүнүн электрондук соода аянтчаларына кирүүсүнө бардык зарыл шарттарды активдүү түзүп, адилет жана ачык «оюн эрежелерин» куруп, бардык адамдардын укуктарын жана электрондук сооданын катышуучулары кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышыбыз керек». 

2023-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги тарабынан уюштурулган «Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода-транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты катары» аттуу тегерек столдо Евразия Экономикалык Биримдигиндеги электрондук соода-сатыктын келечеги тууралуу жарыяланды.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура министри А.Кожошев белгилегендей, «Биримдикте экономиканын бул сегментин өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер башталды. 2021-жылдын ноябрь айында мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Биримдикте электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Жол картасын бекиткен. Жол картасынын иш-чараларынын алкагында Биримдик үчүн тиешелүү ченемдик укуктук базаны калыптандыруу, товарлардын өз ара электрондук соодасынын алкагында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу, адилетсиз ишкердик практикасын көзөмөлдөө жана ага каршы аракеттенүү, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык бирикмелер» менен өз ара аракеттенүү каралууда. 

Маалымат иретинде:

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук коммерцияны сатуунун үлүшү ЕАЭБ боюнча жалпы чекене көлөмүнүн орточо 7,8%ын түздү, ал эми электрондук сооданын жалпы көлөмү 88 миллиард доллардан ашты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу