Арзыбек Кожошев – «ЕАЭБде артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасына чоң секирик алып келет»

Новости
20-Июнь 2023-ж.
1255

Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев 2023-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында «Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү сооданы жана транзиттик жүктөрдү ишке ашыруунун стратегиялык багыты жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин потенциалы катары» тегерек столунун жүрүшүндө Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан транспорттук долбоорлорду жарыялады.

ЕЭК министринин айтымында, мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесин жактырышты. Кыргыз Республикасынан тизмеге “Луговая – Балыкчы” темир жол участогун электрлештирүү долбоору, ошондой эле киргизүү процессинде эки долбоор бар: “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал- Абад» темир жолунун долбоору жана «Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо» автожолунун долбоору.

Белгиленгендей, инфраструктуралык долбоорлордун Тизмесин Кыргызстандын эки жаңы долбоору менен толуктоо жөнүндө буйруктун долбоору ЕЭК Коллегиясында каралып, жактырылып, Комиссиянын кеңешинин июль айына белгиленген жыйынынын күн тартибине киргизилген.

А.Кожошевдин айтымында, «долбоорлорду ишке ашыруу бирдиктүү ички темир жол тармагын гана түзбөстөн, ЕАЭБ багыты боюнча Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүктөрдү экспорттук-импорттук жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн багыты жана кайра айлануучу багытта транзиттик ташууларды ишке ашырууну камсыз кылат. Ошондой эле жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн транзитинин ыңгайлуу жана тез өтүшүнө шарттарды түзүп, транспорттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат».

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ЕЭК Министри маанилүү жана актуалдуу иш-чараны уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ыраазычылык билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу