Арзыбек Кожошев – “Кыргызстанда транспорттук туңгуюктан этап-этабы менен чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар”

Новости
20-Июнь 2023-ж.
1651

2023-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин катышуусунда “Транспорт коридорлорун өнүктүрүү” ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода жана транзиттик потенциалын ишке ашыруунун стратегиялык багыты» аттуу тегерек столу болуп өттү. 

ЕЭК Министри А.Кожошев өнүккөн темир жол инфраструктурасынын жоктугунун азыркы шарттарында Кыргыз Республикасындагы темир жол жана коммуникациялардын туңгуюк абалын эске алуу менен кытай демилгеси боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке ашырылып жатканына көңүл бурду. “Бир алкак, бир жол” ата мекендик экономиканы башка мамлекеттердин рынокторуна жаңы альтернативалуу жолдор менен камсыз кылат. Ошентип, экономика жүк ташуу жолдорун диверсификациялоо менен транспорттук туңгуюктан чыгат.

Өлкөдө транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүүнүн келечегине токтолуп, ЕЭК Министри буларды белгиледи - “Мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмесин бекитишти. Кыргызстандан тизмеге «Луговая – Балыкчы» темир жол участогун электрлештирүү долбоору, ошондой эле киргизүү процессинде дагы эки долбоор бар, алардын бири стратегиялык мааниге ээ. Кыргызстан үчүн бул Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад темир жолу”.

Ошондой эле, А.Кожошевдин айтымында, темир жол курулуш долбоорлорун алдыга жылдыруу Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык жактан текшерилген жана маанилүү кадам болуп саналат, өлкөнү жарым-жартылай транспорттук изоляциядан чыгарууга багытталган инфраструктуралык долбоорлорду колдоо артыкчылыктуу болуп саналат жана учурдагы шарттарды эске алуу менен өлкөнүн аймактарын темир жол аркылуу бириктирүү маанилүү, бул анын экономикасын өнүктүрүүгө, ишкердик активдүүлүктү жана өлкөнүн ичиндеги сооданы жогорулатууга кошумча стимул болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу