Басма сөз билдирүү: Транспорт коридорлорун өнүктүрүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода-транзиттик потенциалын ишке ашыруу боюнча алдыдагы тегерек стол жөнүндө

Новости
19-Июнь 2023-ж.
1087

20-июнда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин чоң жыйындар залында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин «Транспорттук коридорлорду өнүктүрүү соода-транзиттик потенциалды ишке ашыруунун стратегиялык багыты катары» деген темада тегерек стол өткөрүлөт. 

Бул иш-чара Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев баштаган өкүлдөрүнүн колдоосу менен өткөрүлөт.

Күтүлгөндөй, тегерек столдо баяндамалар угулуп, ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын транспорттук-логистикалык потенциалы, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагы аркылуу товарларды (жүктөрдү) өткөрүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулугунун, Борбордук Азиянын өнүктүрүү институттарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен транспорт жана логистика чөйрөсүндөгү маселелер башка актуалдуу маселелер талкууланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу