Ата-мекендик ишкерлердин өкүлдөрү Шаньдун кытай провинциясынын соода түйүнү менен таанышышты

Новости
17-Сентябрь 2015-ж.
2055

2015-жылдын 17-сентябрында Экономика министрлигинде Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин, Бишкек ш. мэриясынын жана «Кыргызтемиржолу» Мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн КЭР Шаньдун провинциясынын Циндао шаарынан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү.

Бишкек шаарында 17-19- сентябрындагы кытай делегациясынын визитинин максаты «Жибек жолунун Циндаодон жаңы бизнеси, экономикалык кызматташуу үчүн жаңы өнөктөштөр», ошондой эле Кыргыз Республикасынын ведомстволору. уюмдары жана ишканалары менен Циндао ш. тыгыз кызматташуусун белгилөө.

Бизнес-семинардын алкагында, логистика, өнөр жай, соода жана ж.б. чөйрөлөрүндө ата-мекендик ишканалардын өкүлдөрү-катышуучулар «Циндао ш.- эл аралык ишкер шаары» жана «Бир алкак, бир жол» өз ара байланыштын негизинде мульти-модалдык ташуулар менен комплекстүү соода түйүнү катары Цзяочжоу шаары жөнүндө презентациялар менен таанышышты.

Ошондой эле, Циндао ш. жана Бишкек мэриясынын ортосунда экономикалык кызматташууну түзүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу