Экономика министрлигинде Мамлекеттик тил жумалыгы жарыяланды

Новости
22-Сентябрь 2015-ж.
2400
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1989-жылы кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын бекитип берген Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын кабыл алган күндөн бери бүгүн 26 жыл толду.

2004-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруучу жыйынында мурунку мыйзам күчүн жоготуп, жаңы мыйзам кабыл алынды.

Кыргыз тили – элибиздин мамлекеттүүлүгүн, улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн сактап калуучу жалгыз куралы.

Өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн өз салымын кошкон Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилин билүүсү кажет. Тилди сыйлоо, аны үйрөнүүгө аракеттенүү - өлкөнүн жарандарынын маданий деңгээлинин жана патриоттуулугунун көрсөткүчү.

Мамлекетибиз жана Өкмөтүбүз көз карандысыздык мезгилинин башынан тарта улуттук тилибизди өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн чараларды көрүп келе жатат.

Буга байланыштуу, Экономика министрлигинде да мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди өздөштүрүү, иште колдонуу деңгээлин жогорулатуу максатында, 2015-жылдын 23-сентябрынан 30-сентябрына чейин Мамлекеттик тил жумалыгы” жарыяланды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу