Канада Тарабы алдыңкы технологиялар жана аларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат берди.

Новости
16-Сентябрь 2015-ж.
2248
2015-жылдын 16-сентябрында КУР Экономика министрлигинде эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын Канаданын Тышкы иштер, соода жана өнүгүү министрлигинин Чыгыш Европа жана Евразия иштери боюнча бөлүмүнүн директору Кевин Гамильтон менен жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтин атынан жолугушууга жаратылыш ресурстары башкармалыгынын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк соода уюму, Евразия экономикалык союзу маселелери боюнча башкармалыктын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Канадалык Тарап КР Экономика министрлигинин ишинин негизги багыттары жөнүндө, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү реформалар жөнүндө, ЕАЭС алкагында жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө маалымдалды.

Тараптар КР экономикалык өнүгүүсүнүн перспективаларын, ошондой эле кыргыз-канада кызматташуусун өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Канадалык тарап Канадада энергетика, айыл чарбасы жана жер казынасын пайдалануу чөйрөлөрүндө колдонулуучу алдыңкы технологиялар жөнүндө жана аларды Кыргыз Республикасында колдонуунун мүмкүндүгү жөнүндө маалымдады.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу