Министр Д. Амангелдиев жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
11-Июнь 2023-ж.
727

Урматтуу жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан, жеңил өнөр жай тармагынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!


Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жеңил өнөр жайы чоң роль ойнойт. Сиздердин продукциялар экспорттук керектөө рынокторунда кеңири чагылдырылган жана өсүп келе жаткан суроо-талапка ээ.


Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, ишке болгон жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл мамилеңиздер, жеңил өнөр жайынын артыкчылыктуу жана социалдык жактан маанилүү тармак болушуна салым кошту.


Бүгүнкү күндө, жалпы дүйнөлүк кыйынчылыктарга карабастан, жеңил өнөр жайынын көлөмүнүн өсүшүнө өз салымын кошуп жаткан бир катар тигүү, трикотаж ишканалары жана көптөгөн жеке ишкерлер ийгиликтүү иштеп жатышат.


Атаандаштыктын катуу шартында, жеңил өнөр жай ишканалары, ири да, кичи да, керектөө рыногундагы өзгөрүүлөргө жигердүү жооп берип, кардарлардын суроо-талабына көңүл бурууга, ассортиментти өзгөртүүгө, ошондой эле акыркы технологияларды киргизүүгө туура келет.


Кыргызстандын тигүү өндүрүшү коңшу мамлекеттердин рынокторунда өзүнүн позициясын бекем ээлейт. Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин талыкпаган эмгеги бул тармакты алдыңкы орунга чыгарууга мүмкүндүк берди.


Мамлекеттин колдоосу менен, Сиздер тарабынан республиканын региондорунда ишканаларды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана бул жергиликтүү калктын жумуштуулук деңгээлин жогорулатууга жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин рынокторунда талап кылынган продукцияларды өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.


Үстүбүздөгү жылы “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча демилгеси көтөрүлүп, турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттар түзүлүүдө. Бул демилге, анын ичинде тигүү фабрикаларында бала бакчаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого багытталган, бул өндүрүшкө кызматкерлердин келишине өбөлгө түзөт жана көптөгөн аялдарга толук кандуу иштөөгө мүмкүндүк берет.


2023-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, анын ичинде жеңил өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик ишканалар тарабынан ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды бир булактан сатып алуу чечимин кабыл алган. Бул чара - ата мекендик өндүрүүчүлөргө өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана өндүрүштү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.


Жеңил өнөр жай ишканаларынын технологиялык жана инновациялык потенциалынын деңгээлин, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу максатында эл аралык адистештирилген көргөзмө-жарманкелерге катышууга, анын ичинде Европа биримдигинин өлкөлөрүнө чыгууга көмөк көрсөтүү каралган.


Сиздердин талантыңыздардын жана чеберчилигиңиздердин аркасында тармак динамикалуу өнүгүп, өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, өндүрүш технологиясын өркүндөтүп жана продукциянын көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатат деп ишенем.


Жасап жаткан эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, чың ден-соолук, бакыт жана бакубат жашоо тилектерин кабыл алыңыздар.

Сиздерге ийгилик жана бакубатчылык каалайбыз!



Урматтоо менен, 

Министр                                                                                          Д.Дж. Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу