Сочиде өтүп жаткан III Евразия конгресси тууралуу

Новости
09-Июнь 2023-ж.
659


8-9-июнь аралыгында Сочидеги “Сириус” илим жана искусство паркында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында III Евразиялык конгресс өтүүдө.


Евразиялык конгресс – бул евразиялык интеграция идеяларын бөлүшкөн жана колдогон, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана ролун талкуулоого кызыкдар болгон аймактын мамлекеттеринин лидерлеринин, бизнестин, эл аралык жана коомдук уюмдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер байланыш аянтчасы, жаңы глобалдык чакырыктарды жеңүүдө, улуттук экономикалардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда жана бүтүндөй региондун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда.


Конгресс өзүн евразиялык мейкиндиктин бийлик жана бизнес өкүлдөрүнүн ачык диалогу үчүн абройлуу аянтча катары көрсөттү. 2021-жылы Москвада анын катышуучулары өлкөлөрдүн интеграциясынын потенциалын ачууда бизнестин, ишкер чөйрөлөрдүн, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролун жогорулатуунун практикалык маселелерин - өндүрүштүк-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү, алдыңкы технологиялар менен алмашуу, кошумча нарктын жаңы чынжырларын түзүүнү талкуулашты.


Ага 30 өлкөдөн 1000ден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Россия-24, МИР жана Sputnik телеканалдары пленардык жыйынды түз эфирде 600 миңден ашуун көрүүчүнү – жалпыга маалымдоо каражаттарында 91,3 миллион адамды камтыйт. Социалдык тармактардагы болжолдуу аудитория 30 миллион адамды түзөт.


Иш-чаранын тематикасы: мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, суу ресурстары, транспорт системасын өнүктүрүү, өнөр жай инновациялары, санариптик технологиялар жана башкалар сыяктуу актуалдуу маселелердин кеңири спектрин талкуулоо болуп саналат.


Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана бизнес чөйрөлөрү жогорку деңгээлде даярданды. Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев «Евразиядагы транспорттук логистика» сессиясына катышып, анда ал маалымат берип, иш-чаранын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын транспорт системасындагы МЖӨ маселелерин талкуулайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу