Кыргызстан менен Евросоюздун ортосундагы кызматташуунун маселелерин Экономика министрлигинде талкуулашты

Новости
16-Сентябрь 2015-ж.
2112
16-сентябрда КР экономика министринин орун басары К.Джакыпов Борбор Азия боюнча Евросоюздун өкүлүн Петер Бурианды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Евросоюздун ортосундагы кызматташуунун маселелери, иштин ар түрдүү чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы мындан аркы кадамдар талкууланды.

Министрдин орун басары К.Джакыпов Кыргыз Республикасынын Евросоюз менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп, КРдин ЕАЭСке толук кандуу кошулуусунун шарттарында учурдагы жагдайды маалымдады.

Өз кезегинде П.Буриан БА боюнча ЕА Стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдады, ушул стратегиялык документтин даярдалышына Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ролун белгиледи. «Борбордук Азия боюнча Евросоюздун жаңыртылган стратегиясы ЕА жана БА өнөктөштөрүнүн ортосунда келечектеги кызматташуу түзүлө турган фундамент болуп саналат. Стратегия өз ара кызыкчылыктарды көрсөткөн кызматташуунун багыттарын чагылдырат, регион жана ар бир өлкө үчүн программалардын көп жылдык көрсөткүчтөрү менен колдоого алынат, алардын регионалдык бюджеттери пландоонун учурдагы 7-жылдык мезгилинде 1,068 еврого жетти»- деп белгилеп кетти Евросоюздун атайын өкүлү.

Сүйлөшүүлөрдү жүрүшүндө Тараптар КР менен ЕС ортосундагы айыл чарбасын өнүктүрүү, билим берүү, энергетика, суу чарбасы, экономикалык кызматташуу чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикирлери менен алмашышты. Борбордук-Азиялык региондо инвестициялык кызматташууну кеңейтүү мүмкүндүгүн талкуулашты.
"" ""
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу