Сочиде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин кезектеги жыйыны тууралуу

Новости
08-Июнь 2023-ж.
984

2023-жылдын 8-9-июнда Сочи шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев катышты.

Жыйындын катышуучулары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүү багыттарынын мүмкүнчүлүктөрүн, атап айтканда, Евразиялык өнүктүрүү институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу маселесин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын атынан бул келишимге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту кол койгон.

Бул консорциумду түзүү уюмдары консорциумга катышкан мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди тереңдетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана интеграциялык кызматташтык боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу, экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу максатында Евразия мейкиндигиндеги мамлекеттерди өнүктүрүү, мамлекеттердин өнүгүшүнө салым кошкон инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду издөө, иштеп чыгуу жана колдоодо  ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин институттарын бириктирүүнү билдирет.

Бул маселеден тышкары жолугушуунун катышуучулары евразиялык интеграциянын символу боло ала турган биргелешкен ири масштабдуу жогорку технологиялык долбоорлорду талкуулашты. Тараптар ЕАЭБде евразиялык интеграциянын символу боло ала турган жогорку технологиялык долбоорлорго сынакты өткөрүү жана анын жыйынтыгын чыгаруу демилгесин колдошту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу