Экономика министрлиги: Жылдын аягын чейинки инфляциянын деңгээли болжолдонгон маанилик чекке чейин болуусу күтүлүүдө

Новости
09-Сентябрь 2015-ж.
2086
Кыргыз республикасында 2015-жылдын 7-айдын жыйынтыгы боюнча -0,2% дефляция байкалууда(өткөн жылдын декабрын карата) , бул көрсөткүч мындан ары да төмөн бойдон калат(өткөн жылдын ушул мезгилинде 4,5%түзгөн), бул биринчи кезекте,керектөө корзинасынын негизги үлүшүн түзгөн жана инфляциянын деңгээлине таасирин тийгизүүчү азык түлүк товарларынын сезондук бааларынын өйдө төмөн болуусуна байланыштуу.

Дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу(экономикалык өсүүнүн төмөндөөсү) жана валюта рыногундагы кырдаалга байланыштуу(АКШ долларынын кунунун өсүүсү) инфляциянын деңгээлине белгилүү бир таасирин тийгизет, министрликтин берген баасы боюнча бирок жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтөр болжолдонгон маанилик чектен ашпайт.

Өкмөт тарабынан бул багытта тиешелүү жумуштар аткарылып жатат. Товарлардын баасынын жана алмаштыруу курсунун кескин өсүп кетүүсүнө жол бербөө максатында алмаштыруу курсун кескин өсүп кетүүсүн бир ыргакка салуу боюнча, валюта рыногунда алып сатуучулук операцияларды көзөмөлдөө жана товарларга болгон кескин баалардын өсүүсүнө жол бербөө боюнча биринчи кезектеги иш чаралардын Планы ай сайын мониторинг жүргүзүү аркылуу иштелип чыкты.

Ошондой эле Өкмөт жана Улуттук Банк тынымсыз түрдө макулдашылган акча-кредиттик , бюджеттик-салыктык, инвестициялык саясатты жүргүзөт, ал өз ичине экономиканын өнүгүүсүнө багытталган экономикалык уюштуруучулук, укуктук чараларды камтыйт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу