Экономика министрлигинде асыл тукумдуу ири малдарды лизинг менен алып келүүнү пилоттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө

Новости
08-Сентябрь 2015-ж.
2135
2015-жылдын 8-сентябрында Экономика министрлигинин кичи залында Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоору аркылуу асыл тукумдуу ири малды лизингдөөнү ишке киргизүүдө күтүлө турган тобокелчиликтерди талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулду.
Өнөктөштөрдүн финансылык уюму долбоорду ишке ашыруу алкагында ушул финансылык кызматты пилоттоо боюнча Бай-Түшүм” банкынын адистери менен алдын ала талкууланды.
Тегерек столдун катышуучулары –эл аралык долбоордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана мамлекеттик органдардын эксперттери негизги тобокелчиликтер менен күтүлө турган кыйынчылыктарды ачыкка чыгарышты жана ушул багыттагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Асыл тукумдуу ири малды лизингдөө малды күтүүнүн экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга оң таасирин тийгизүүсү мүмкүн.
Талкуунун жүрүшүндө асыл тукумдуу ири мал менен жабдуучулар менен боло турган тобокелчиликтер жана лизинг алуучуларды тандоо шарттары ошондой эле кеңеш берүү кызматтарынын ролу аныкталды. Ошондой эле ушул финансылык кызматтын аял-ишкерлер үчүн банктын кызыкчылыктарын эске алуу менен жагымдуулугун арттыруунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды.

Жакынкы учурда Бай-Түшүм” банкы асыл тукумдуу ири малды пилоттук лизингдөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чечим кабыл алат. Анын жыйынтыгы боюнча, долбоор тарабынан үчүнчү траншка каражат бөлүнөт. Биринчи эки транш Бай-Түшүм” банкы тарабынан Ишкерайым” продуктысын өнүктүрүүгө жумшалган.

Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоору, Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгү аркылуу, Япониянын жакырчылыкты кыскартуу фондунун гранттык каражаттары менен ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу Агенттик болуп КР Экономика министрлиги эсептелет. Долбоордун максаты КР нын айыл жергесиндеги жана кичи шаарларындагы аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу.








Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу