Министр О. Панкратов Белорусиянын Гродно шаарында өтүүчү кезектеги Евразиялык Өкмөт аралык Кеңештин жыйынына катышат

Новости
07-Сентябрь 2015-ж.
2102
2015-жылдын 8-сентябрында КР Экономика министри О. Панкратов Темир Сариев төрагалык кылган өкмөт делегациясынын курамында Белорусиянын Гродно шаарында өтүүчү кезектеги Евразиялык Өкмөт аралык Кеңештин жыйынына катышат.
Жыйындын күн тартибинде каралуучу маселелер- Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ишин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган маселелер:
-ЕАЭБ органдарынын ишинин финансылык –чарбалык ревизия жүргүзүү маселелерин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө;
-ЕАЭБ органдарынын ишин финансылык -чарбалык ревизия жүргүзүү жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдиги –Европа биримдиги кызматташуу контурлары” эстелик жазуунун долбоору жөнүндө;
-2015-жылга карата ЕАЭБ дин ишинин негизги эл аралык багыттары жөнүндө” Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин(ЖЕЭК) чечиминин долбоору жөнүндө;
-2015-жылдын 29-майындагы Евразия өкмөт аралык кеңешинин буйруктарынын аткарылуусунун жүрүшү жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин алкагында либерализациялоо планына ылайык ишке ашырыла турган бирдиктүү рынок түзүү боюнча тейлөө секторлорунун(подсекторлорунун) тизмесин бекитүү” чечиминин долбоору жөнүндө;
- 2015-жылдын 14-июлундагы ЕЭК нын Коллегиясынын Чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;
-Мамлекеттик(муниципалдык) сатып алуулар тармагындагы РФ нын Өкмөтүнүн айрым буйруктарын жокко чыгаруу зарылчылыгы жөнүндө”.
-интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укукту коргоо боюнча аракеттерди координациялоо жөнүндө Келишимге кол коюу жөнүндө;
-2015-2016-жылдарда ишке ашырыла турган Накта териден жасалуучу кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр, жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча контролдук(идентификациялык ) белгилер менен товарларды маркалоо жөнүндө пилоттук долбоорду ишке киргизүү жөнүндө Макулдашууларга кол коюу жөнүндө;
-ЖЕЭКтин Төрагасы А. Лукашенконун Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-өлкөлөрүнө кайрылуусунда камтылган, 2014-жылдын 29-майдагы ЕАЭБдин жөнүндөгү келишимге ылайык, эл аралык келишимдерди жана актыларды иштеп чыгуунун жумушчу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана ЕЭК иш аракеттер планын ишке ашыруу приоритеттери жөнүндө.



Экономика министрлигинде асыл тукумдуу ири малдарды лизинг менен алып келүүнү пилоттоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө


2015-жылдын 8-сентябрында Экономика министрлигинин кичи залында Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоору аркылуу асыл тукумдуу ири малды лизингдөөнү ишке киргизүүдө күтүлө турган тобокелчиликтерди талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулду.
Өнөктөштөрдүн финансылык уюму долбоорду ишке ашыруу алкагында ушул финансылык кызматты пилоттоо боюнча Бай-Түшүм” банкынын адистери менен алдын ала талкууланды.
Тегерек столдун катышуучулары –эл аралык долбоордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана мамлекеттик органдардын эксперттери негизги тобокелчиликтер менен күтүлө турган кыйынчылыктарды ачыкка чыгарышты жана ушул багыттагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Асыл тукумдуу ири малды лизингдөө малды күтүүнүн экономикалык натыйжалуулугун жогорулатууга оң таасирин тийгизүүсү мүмкүн.

Талкуунун жүрүшүндө асыл тукумдуу ири мал менен жабдуучулар менен боло турган тобокелчиликтер жана лизинг алуучуларды тандоо шарттары ошондой эле кеңеш берүү кызматтарынын ролу аныкталды. Ошондой эле ушул финансылык кызматтын аял-ишкерлер үчүн банктын кызыкчылыктарын эске алуу менен жагымдуулугун арттыруунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды.

Жакынкы учурда Бай-Түшүм” банкы асыл тукумдуу ири малды пилоттук лизингдөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чечим кабыл алат. Анын жыйынтыгы боюнча, долбоор тарабынан үчүнчү траншка каражат бөлүнөт. Биринчи эки транш Бай-Түшүм” банкы тарабынан Ишкерайым” продуктысын өнүктүрүүгө жумшалган.

Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоору, Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгү аркылуу, Япониянын жакырчылыкты кыскартуу фондунун гранттык каражаттары менен ишке ашырылууда.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу Агенттик болуп КР Экономика министрлиги эсептелет. Долбоордун максаты КР нын айыл жергесиндеги жана кичи шаарларындагы аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу.








Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу