2015-жылдын 2 кварталында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү акшнын 498,5 млн. Долларын түздү

Новости
07-Сентябрь 2015-ж.
2072
Улуттук статистика комитетинин алдын ала болжолдоолоруна ылайык, 2015-жылдын II кварталында тике чет өлкөлүк инвестициялардын (ТЧИ) жалпы суммасы АКШнын 498,5 млн. долларын түздү. 2014-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ТЧИ эки эседен көп жогорулады.

Кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик бардык ТЧИден 38,4% түздү.

Бириккен Королдуктан келип түшкөн үлүшү бардык ТЧИден 36,3% түздү.

ТЧИнин айрыкча көп агымы 36,3% түзгөн Жалал-Абад областында байкалды.

ТЧИнин бир кыйла аз агымы 2015-жылдын II кварталында бардык ТЧИден 0,00% түзгөн Ош шаарында байкалды.

ТЧИнин түзүмүндө башка насыялар басымдуулук кылат (68,7%).

2015-жылдын II кварталында КМШ өлкөлөрүнөн ТЧИнин агымы 2014-жылга салыштырмалуу 2,8 эсе көбөйдү жана 105,1 млн. долларды түздү, бул бардык келип түшүүлөрдүн 21,1% түздү. Россия Федерациясындагы инвесторлор жүзөгө ашырган салымдардын көлөмү - 75,8 млн. доллар, Белорусиядан – 24 млн. доллар, Казахстандан – 5,3 млн. доллар.

ТЧИнин жалпы көлөмүнүн 78,9% КМШдан тышкаркы өлкөлөргө туура келет. Улуу Британия Бириккен королдугунан келип түшүүлөр 36,3% түздү жана 2014-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6,1 эсе көбөйдү. Ошондой эле Канададан келип түшүүлөр 109,6 млн. доллар жана Түркиядан 35 млн. доллар болуп көбөйдү.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу