Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн моделдөө

Новости
24-Май 2023-ж.
1098

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик болжолдоо системасына ылайык, региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоонун бирдиктүү системасына келтирүү максатында БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн модели жана Кыргыз Республикасындагы республикалык маанидеги облустардын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү моделин колдонуу боюнча колдонмо иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү моделин пилоттук түрдө колдонуу максатында 2023-жылдын 22-майында министрликтин кызматкерлери үчүн региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн моделдөө жана болжолдоо боюнча тренинг өткөрүлдү, ал эми 2023-жылдын 23-майынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана министрликтин Аймактар аралык башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн өткөрүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу