Министрдин орун басары И.Асылкулов «Акылдуу соода» - ЕБ-БА коридорлорунда бизнес операцияларынын реинжиниринги панелдик сессиясында сөз сүйлөдү

Новости
22-Май 2023-ж.
819

2023-жылдын 18-майында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында «Европа Биримдиги-Борбор Азия» Экономикалык Форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов «Акылдуу соода»- ЕС-CA коридорлорунда бизнес-операциялардын реинжинирингине арналган панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. 


Өз сөзүндө И.Асылкулов сооданын өсүшүн стимулдаштырууга, бизнес үчүн ыңгайлуу соода экосистемасын түзүүгө жана ЕБ менен БАнын ортосундагы соода коридорлорунда бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө багытталган негизги чечимдерди белгиледи.


Ошондой эле өз сөзүндө министрдин орун басары чек арадагы бажылык башкарууну реформалоо жана санариптештирүү боюнча учурдагы жыйынтыктарды, «Достук» жана «Дустлик» өткөрмө бекеттеринде кезекти электрондук башкарууну киргизүү боюнча пилоттук долбоордун аткарылышын белгилеп, ошондой эле катышуучуларга  Кыргыз Республикасы Азия жана Тынч океан аймагында трансчегаралык кагазсыз сооданын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга (ЭСКАТО) кошулуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.


2023-жылдын 18-майында «Европа Биримдиги-Борбордук Азия» Экономикалык Форумунун алкагында министрдин орун басары И.Асылкуловдун катышуусунда( Info Trade Central Asia Gateway - CAGateway)  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода маалымат порталын ишке киргизүү аземи болгонун билдиребиз. 


Платформа Борбордук Азиядагы бардык порталдардын күчүн колдонуп, аймакты эл аралык рыноктор менен байланыштырууга жардам берет. ЭCБ жана Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана Өнүгүү боюнча Конференциясынын (ЮНКТАД) техникалык колдоосу менен иштелип чыккан, сооданы жеңилдетүү боюнча порталдар дүйнө жүзү боюнча 30 өлкөдө жайгаштырылган, бул ДСУнун Соодага көмөктөшүү келишиминин 1.2-беренесинин сооданы жеңилдетүү максатына көмөктөшөт.


Регионалдык Соодага көмөктөшүү порталы, ал Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын Соодага көмөктөшүү улуттук порталдарынан маалыматты автоматтык түрдө чыгарып, саясатчыларга Борбор Азиянын соода коридорлору жана саясаттары боюнча интерактивдүү көмөктөшүү куралы катары ырааттуу жана актуалдуу маалыматты берет.


2021-жылдын 11-ноябрында КР ЭКМ алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандын Соода порталы (https://info.trade.kg) ишке кирди. Ишке киргизилгенден бери 23 000ден ашык колдонуучулар бул соода платформасын колдонушкан жана бул сан тынымсыз өсүп жатат. Мунун баары платформа бизнес үчүн соодага байланыштуу маалыматка жетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу үчүн негизги курал катары иштээрин далилдейт.


Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 19-майында «Европа Биримдик – Борбордук Азия» экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Казакстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Бирлигинин ортосунда Кыргызстанда жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүү боюнча биргелешкен кызматташуу максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. 


Долбоор жөнүндө маалымат:

Ready4Trade Central Asia – Европа Биримдиги тарабынан каржыланган төрт жылдык долбоор, Эл аралык соода борбору (ITC) тарабынан улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат. Долбоордун максаты Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүү аркылуу Борбордук Азиянын жалпы туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.

http://ready4trade.intrasen.org/en

https://www.intrasen.org/Ready4Trade


Эл аралык соода борбору жөнүндө:

Эл аралык соода борбору Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен мекемеси болуп саналат. ЭCБ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү микро, чакан жана орто ишканаларга дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болууга жардам берет, ошону менен БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө салым кошот.


Көбүрөөк маалымат алуу үчүн www.intrasen.org кириңиз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу