24-25-майда Москва шаарында өтө турган “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык форуму жөнүндө

Новости
23-Май 2023-ж.
697

Ушул жылдын 24-25-майы Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Экинчи Евразиялык форуму өтөт. Бул форумду өткөрүү Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына туш келди.


Иш-чара мүчө мамлекеттердин жогорку кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилеринин, ошондой эле эл аралык, илимийжана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна багытталган. 


Форумдун максаты экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, катышуучулардын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосунда кооперативдик байланыштарды, ошондой эле инвестициялык, инновациялык жана экспорттук потенциалды калыптандыруу болуп саналат.


Форумдун архитектурасы тармактык негизде талкуу блокторунан турат, анда иш-чаранын катышуучулары 30дан ашык багытты талкуулашат. Күн тартибинде ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары: илимий-техникалык кызматташтык, каржы сектору, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана ветеринария, Биримдиктин ички рыногун өнүктүрүү, электрондук коммерция, бажылык жөнгө салуу ж.б.у.с. маселелер камтылган.


Ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын болот. Бул жолугушууда тараптар интеграциялык бирикмени мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышат.


КР Экономика жана коммерция министрлигинен министр Данияр Амангелдиев жана министрдин орун басары Назарбек Малаев катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу