Лицензияны кармап калгандыгы үчүн ставкаларды өзгөртүү жана казуу тармактарынын ачыктык демилге катчылыгын сунуштоо каралып чыкты

Новости
02-Сентябрь 2015-ж.
1953
2015-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү саясат маселелери боюнча Консультациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү саясат маселелери боюнча Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн катышуучулары тарабынан добуш берүү жолу менен Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына Казуу тармактарынын ачыктык демилгесинин (КТАД) стандарттары боюнча байкоо жүргүзүү жана отчет тапшыруунун милдеттүүлүгү түрүндө өзгөртүүлөр киргизилсин, ошондой эле лицензиялар жана лицензиялардын шарттары боюнча маалыматтардыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыкка чыгарылсын деп чечилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармагандыгы үчүн төлөмдүн ставкаларын өзгөртүү боюнча токтом долбоорун жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул долбоор аркылуу геологиялык изилдөөгө жана пайдалуу кендерди чалгындоого төлөмдөр боюнча минималдуу босого, пайдалуу кендерди иштетүү ставкаларын көбөйтүү киргизүү каралууда.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу