Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Төрөбаевдин жетекчилиги астында Ысык-Көл облусунун экологиясын сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрүлдү

Новости
18-Май 2023-ж.
767

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары БакытТөрөбаевдин катышуусу менен мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен пакеттерин колдонууга этап-этабы менен тыюу салууну караган “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 26-апрелиндеги КР Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Президентинин Жарлыгынын долбоорун талкуулоо боюнча жолугушуу өткөрүлдү.


КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин өкүлдөрү, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте “Кыргыз Республикасындагы пластик калдыктарынын учурдагы абалы” темасындагы видеороликти тартуулашты, анда акыркы мезгилде жүргүзүлгөн Ысык-Көлдү тазалоо боюнча иштер чагылдырылган. Ошентип, көл акваториясынан 3275 кг таштанды, 47 миң метр синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылып, 9 даана браконьердик моторлуу кайык алынган.


Ар кандай технологияларды колдонуу менен жасалган пластикалык буюмдардын ажыроо мезгили орто эсеп менен 400дөн 700 жылга чейин созулат. Полиэтилен баштыктарынын ажыроо мөөнөтү алардын калыңдыгына жана тыгыздыгына жараша 100 жылдан 200 жылга чейин созулат.


Ушуга байланыштуу полиэтилен баштыктарга тыюу салуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгы бышып жетилди. 


Ошондой эле жолугушууда “ЭКО Деми” КФ өкүлдөрү “Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө волонтердук иштин таасири” темасында презентация менен чыгып сүйлөштү жана “Экологияны сактоо боюнча “Эко Деми” КФ ишмердүүлүгү жөнүндө” темасындагы видеоролик тартууланды. 


Бизнес өкүлдөрү келечек муунга уникалдуу жаратылышты сактоо жана облустун экосистемасына антропогендик таасирди азайтуу максатында полиэтилен баштыктарын жүгүртүүнү чектөө боюнча иш-чараларды өткөрүү демилгеси колдоого алынгандыгын белгилешти.


КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б. Э. Төрөбаев жана жолугушуунун катышуучулары белгилегендей, азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.


Полиэтилен баштыктарына тыюу салуу экологиялык маселелер жана айлана-чөйрөнү сактоо үчүн ар бир адамдын жоопкерчилиги жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болушу мүмкүн. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча барган сайын популярдуу болуп жаткан экологиялык туризмди өнүктүрүүгө салым кошо алат. 


Полиэтилен баштыктарына кагаз, текстиль, биологиялык жактан ажыроочу жана көп жолу колдонулуучу баштыктар сыяктуу экологиялык жактан таза жана ыңгайлуу альтернативалар көп экени белгиленди. Аларды колдонуу жаратылыштын булганышына жана таштандынын азайышына алып келет.


Жыйындын бардык катышуучулары экологиялык жактан таза альтернативдик продукцияга өтүү менен Ысык-Көл облусунда полиэтилен баштыктарын жүгүртүүгө – өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга этап-этабы менен тыюу салуу чечимин колдошту.


Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын, желим жана кагаз баштыктарды өндүрүүчүлөрдүн, соода түйүндөрүнүн жана жеке сектордун катышуусунда жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу