Экономика министрлиги жер участокторун жер казынасын пайдаланууга берүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт.

Новости
08-Сентябрь 2015-ж.
2212
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жерлерди бир категориядан экинчиге которуу жерлердин негизги максаттуу арналышы өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.

Азыркы учурда, пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жерлер өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка дайындагы жерлердин категориясына жерлерди алгачкы категорияга кийин которуу менен тийиштүү иштерди жүргүзүү мезгилине гана которулат.

Буга байланыштуу, КР Экономика министрлиги тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте КР Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда, мында пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүдө жерлер которулбайт, ал эми жерлердин негизги арналышы мурдагы эле категорияда калат.

Мында жер казынасын иштетүүгө жер участокторун берүү тартиби өлкөнүн Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет, ал эми жоготуулардын наркын жер казынасын пайдалануучу тарабынан ордун толтуруу ченеми ушул тартипке киргизилет.
Экономика министрлигинде КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин, Эл аралык ишкер кеңештин өкүлдөрүнүн жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешме болуп өттү, мында жогоруда белгиленген сунуш кеңешменин катышуучулары тарабынан колдоого алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу