“Эркечтам” өткөрүү пункту аркылуу Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору жөнүндө

Новости
13-Май 2023-ж.
634

2023-жылдын 13-майында Министрликтин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн Кытай мамлекетинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. 


Жолугушуунун максаты - Ош облусунун аймагында жайгашкан Эркеч-Там өткөрүү пункту аркылуу Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоорун талкуулоо.


Талкуунун жүрүшүндө тараптар өз ара жүк ташууну көбөйтүүгө эки тараптын кызыкдар экендигин белгилеп, өз ара байланыштарды улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүгө макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу