Кыргыз-кытай кызматташуусун тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу пландалууда

Новости
31-Август 2015-ж.
2511

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргыз делегациясынын курамында Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына учуп кетти, ал жерде учурдагы жылдын 1-сентябрынан 3-сентябрына чейин Экинчи дүйнөлүк согушта Жеңиштин 70 жылдыгын жана японияга каршы согушта кытай элинин Жеңишинин 70 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өтөт.

Иш-сапардын жүрүшүндө 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда чек аралык кызматташуунун программасынын долбооруна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз грантты берүүгө технкалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюу пландалууда

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу