Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта берүүгө этап менен өтүү

Новости
02-Август 2015-ж.
2231
Бул жөнүндө КР Экономика министрлигинин мамлекеттик кызматтарды жөнгө салуу жана мамлекеттик органдарды баалоо системасын методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Николай Новицкий«Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу»долбоорунун дизайнын презентациялоого жана талкуулоого арналган, 2015-жылдын 29-июлунда бөлүп өткөн тегерек столдо кабарлады. Бул долбоор узак мөөнөттү негизде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эксперттик коомчулук менен тыгыз байланышта ишке ашырылат.

Ал белгилеп кеткендей, электрондук башкаруунун жайылтуунун маанилүү милдеттери болуп мамлекеттик башкаруу системасында коррупциогендик факторлорду жок кылуу, жарандар тарабынан сапаттуу кызматтарды-маалыматты алуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Коррупция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү азайтуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен ЖӨБО органдарына мамлекеттик башкаруу органдарына жарандардын баруусун минималдоонун эсебинен жетишилет.

БУУ түзгөн, 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук өкмөттү өнүктүрүү деңгээли, дүйнөлүк өлкөлөрдүн эл аралык рейтингине ылайык Кыргызстан дүйнөнүн 193 өлкөсүнөн 101 орунду ээлейт.

Мындай позициянын негизги себептери:
-ушул маселе боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууда бирдиктүү координацияланган ыкманын жоктугу;
-изилдөөлөр коомчулукта жана мамлекеттик башкарууда МКТ колдонууну жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук актыларда карама-каршылыктарды аныктады.

Мамлекеттик органдарда МКТ колдонууну жакшыртуу максатында, алардын ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулатуу жана көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын спектрин кеңейтүү үчүн өлкөнүн өкмөтү тарабынан 2014-2017-жылдарга КР аткаруу бийликтин мамлекеттик органдарында жана ЖӨБ органдарында электрондук башкарууну киргизүү боюнча программа” бекитилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу