КР макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө методикасы сунушталды

Новости
30-Июль 2015-ж.
1933
""
2015-жылдын 21-22 июлунда Алмата шаарында,Казакстан Республикасында, ЕАЭБ катышуучу өлкөлөрдүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн, анын ичинде КР Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын кызматчыларынын катышуусу менен Евразия экономикалык союзга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө методикасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун жетинчи жыйыны болуп өттү.

КР макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө практикасын кароодо, КР Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги Насирдин Шамшиев экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу (бюджеттин тартыштыгы, мамлекеттик карыз, керектөө бааларынын индекси) КР макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эсептөө методикасы боюнча презентацияны сунуштады.

Ушул жыйындын алкагында: буга чейинки алтынчы жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө; 2012-2014-жылдар мезгилинде ЕАЭС жөнүндө Келишимдин 63-беренесинде белгиленген экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн ЕАЭС мүчө-мамлекеттер тарабынан сакталышына аналитикалык сарэсеп жана алардын сандык көрсөткүчтөрү жогорулаган учурда тараптар тарабынан көрүлүүчү чаралар; 2008-2014-жж. ББ жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө-мамлекеттердин карыз туруктуулугу боюнча аналитикалык сарэсеп жөнүндө чечимдер каралды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу