Ла Сапиенца Рим университетинин окутуучулары министрликтин кызматкерлерин эмгек рыногун болжолдоо моделине окутушту

Новости
30-Июль 2015-ж.
1951
""
2015-жылдын 27 июлунан 20-июлуна чейин КР Экономика министрлиги тарабынан Жакырчылык менен күрөшүү боюнча Дүйнөлүк банктын тобунун активдүү колдоосунда негизги ыкмаларды жайылтуу, эмгек ресурстары түшүнүгү, ошондой эле КР эмгек рыногунун статистикалык моделин киргизүү боюнча семинар министрликтин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын кызматчыларынын катышуусу менен болуп өттү.

Министрлик тарабынан макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү болжолдоо моделине байланышта эмгек ресурстарын болжолдоо моделин иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча негизги ыкмаларды жана компетенцияларды түзүү жана алардын жыйынтыктарын социалдык-экономикалык пландоодо жана болжолдоодо колдонуу алкагында активдүү иш жүргүзүлүүдө.

Бул семинарды өткөрүү жана моделдерди киргизүү үчүн Италиянын Рим ш. Ла Сапиенца Рим университетинин окутуучулары чакырылган.

Эмгек ресурстары чөйрөсүндө тенденцияларды болжолдоонун моделдерин киргизүү макроэкономикалык болжолдорду даярдоонун сапатын жакшыртууга жана КР стратегиялык чараларды иштеп чыгуу процессин колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Эмгек ресурстары чөйрөсүндө тенденцияларды болжолдоо өлкөнүн адам ресурстарына болочок зарылчылыгын тагыраак түшүнүүгө, ошондой эле жалпысынан өлкөнүн экономикасына тийиштүү болочок изилдөөлөр үчүн иштерди сунуштоого жардам берет.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу