2015-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердиктин 24 субъектиси ишке киргизилди

Новости
27-Июль 2015-ж.
2040
КР Экономика министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын мониторингинин маалыматтары боюнча, Ысык-Көл облусунун райондорунун жана шаарларынын аймагында 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча колдонууга киргизилген чакан жана орто бизнестин жаңы субъекттеринин саны 24 субъектти түздү.

Негизинен бул курулуш материалдарын чыгаруу боюнча, кондитер жана тигүү цехтери ж.б. Бул субъекттер менен 287 жумуш орундары түзүлдү.
Ысык-Көл облусу боюнча картошканы кайра иштетүү ишканасын колдонууга киргизүү пландаштырылууда.

Азыркы учурда, Ак-Суу районунун Теплоключенка а. «Тунук-Курулуш» ЖЧК курулуш уюму Түштүк Кореядан келип жаткан инвестициялык каражаттарга картошканы кайра иштетүү заводунун курулушу менен алектенүүдө.

Заводдун долбоордук кубаттуулугу бир сменада 10-12 тоннага эсептелген. Баштапкы этапта завод картошка унун жана крахмалды чыгарат.

Азыркы учурда заводдун чатыры көтөрүлүүдө, жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурдагы жылдын 1-жарым жылдыгына жогорула белгиленген курулуш иштери үчүн Түштүк Кореядан инвесторлор тарабынан подрядчы уюмдун эсебине 1,2 млн. сом которулган. Тактап айтканда, инвесторлор курулушту күзгө чейин аяктоону, ал эми жылдын аягына чейин ишкананы иштетүүнү пландаштырууда. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу алкагында 28,5 млн. сом өздөштүрүлгөн.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу