Мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктардын коррупцияга каршы форуму болуп өтөт.

Новости
27-Июль 2015-ж.
2022
29 июлда в 10.00 Экономика министрлигинин Чоң залында мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктардын коррупцияга каршы биринчи форуму болуп өтөт.

Форумда бизнес үчүн коорупциялык тоскоолдуктар, атаандаштыкты өнүктүрүү, ак ниет бакшаруу системасын жана этикалык стандарттарды мамлекеттик башкарууга жана бизнеске киргизүү, ишкердик субьекттерин ЧУА коррупцияга каршы экспертизасына тартуу маселелери талкууланат.

Буга байланыштуу министрлик, бизнестин (менчиктин ар кандай формаларындагы компанияларынын, бизнес ассоциацияларынын), экономикалык изилдөө институттарынын, эл аралык уюмдарынын жана ЖМК өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды катышууга чакырат.

Өзүнүн катышуусун http://goo.gl/forms/wYvelOhT0X шилтемеси боюнча ырастоого болот, баардык суроолор боюнча 0312620535 (177) телефону же AnticorrforumKG@gmail.com электрондук почта боюнча кайрылууга болот.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу