Министр О. Панкратов: Өлкөдө экономиканын өсүшүн камсыз кылуу үчүн резервдер бар

Новости
27-Июль 2015-ж.
2003
""Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов «2015-жылдын январь-июнунда КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө» өкмөттүн жыйынында билдирди.

Министрдин сөзү боюнча, жылдын башынан тартып, өлкөнүн экономикасында өсүштүн оң динамикасы байкалууда, бул биринчи кезекте «Кум-Төр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды өндүрүштүн туруктуу өсүшүнө жана айыл чарбасы үчүн жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттарга байланыштуу.

Алдын-ала баалоо боюнча УСК, жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өлкөдө экономикалык өсүш 107,3% түзүп, ИДПнын көлөмү 172,4 млрд сом суммасында түзүлдү.

«Кум-Төр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДП реалдуу өсүшү 104,4% түздү, 2014-жылдын тийешелүү мезгили үчүн ушуга окшош көрсөткүч 103,5% түзгөн.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалды, алардын оң салымы төмөнкүдөй: айыл чарбасында 0,25 пайыздык пункт, өнөр жайда 3,8 п.п., курулушта 0,7 п.п. жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 1,5 п.п. деңгээлинде.

Керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 100,2% түздү (2014-жылдын ушундай мезгили үчүн- 105,9%). Мында у.ж. 1-кварталында керектөө бааларынын өсүшү 1,5% байкалса, 2-кварталда тескерисинче, баалар 1,3% төмөндөдү.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 37,5 млрд. сомду түздү жана 6,8% өскөн (2014-жылдын январь-июнунда өсүш 13,5%)

Жалпысынан, экономиканын өсүшүнүн оң темптерин сактоо үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү керек:

-өндүрүштүк өнөр жайдын бардык тармактарын өсүштүн туруктуу деңгээлдерине чыгаруу боюнча;
-айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүнүн салыштырма салмагын жогорулатып, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшүнүн жогорку темпин камсыз кылуу боюнча;
- Талды-Булак-Сол жээк жана Бозымчак кендеринде алтынды өндүрүү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу;
-айыл чарбасында пландаштырылган деңгээлден төмөн эмес өндүрүштүк өсүштү эсептөө үчүн, дан өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо процессин уюштуруу
-колдонууга киргизилүүчү курулуш обьекттерин толук эсепке алуу боюнча чараларды кабыл алуу;
- туристтик сезондун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- Токтогул суу сактагычында суунун топтолушун камсыз кылуу.

Талдоо көрсөткөндөй, экономикада экономиканы өсүшүн камсыздоо үчүн жетиштүү резервдер бар. Бирок, облустарда экономиканы өнүктүрүүдө керектүү активдүүлүк жок, инвесторлорго иштөөгө мүмкүндүк беришпейт, бул бюджеттин кирешесине терс таасирин тийгизүүдө- деп корутундулады
министр О. Панкратов.

Бүгүнкү күндө дээрлик бардык мамлекеттер ЕАЭБне КРдин кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялашты, айрым өлкөлөрдүн Президенттеринин кол коюуусу эле калды. Чек аралардын толук ачылышы үчүн чечүүнү талап кылган кээ бир маселелер бар.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу