«Umbria Export» италия консорциуму менен меморандумга кол коюлду.

Новости
27-Июль 2015-ж.
2005
2015-жылдын 23-июлунда Кыргызстан- Умбрия бизнес-форумунун алкагында, Италияда, КР Экономика министрлигинин алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндө «Бирдиктүү терезе» борборунун» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Тынчтык Кудабаевдин (БТБ МИ) «Umbria Export» консорциумунун директору Энзо Фалочи жана «ISA» компаниясынын президенти Марко Джульетти менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууда эки уюмдун ортосунда мындан аркы кызматташуунун маселелери талкууланды, «Бирдиктүү терезе» борборунун» мамлекеттик ишканасы менен «Umbria Export» консорциумунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марко Джульетти белгилеп кеткендей, италиялык ишкерлер Кыргызстандын аймагында бирдиктүү өндүрүштүк борборлорду түзүү маселелерин карап чыгууга ниеттенишүүдө.

Меморандум эки уюмдун ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. бул потенциалдуу ишкер өнөктөштөр жөнүндө маалымат, эл аралык сооданы өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба менен алмашуу, Кыргызстанда жана Италияда ар түрдүү иш-чараларды жүргүзүүдө өз ара маалыматтык колдоону көрсөтүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу