Кыргыз Республикасында электрондук коммерция калыптануу жолунда

Новости
19-Апрель 2023-ж.
2622

2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Ready4Trade Борбордук Азия эл аралык соода борборунун долбоорунун колдоосу жана мамлекеттик органдардын, бизнес секторунун жана донордук коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен электрондук соода тармагын өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан соода саясаты башкармалыгынын начальниги Римма Киселева Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча тегерек столдун катышуучуларын куттуктады. Ал ошондой эле Эл аралык соода борборуна (ITC) жана Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясына биргелешкен ишти мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары электрондук коммерция жана электрондук бизнес чөйрөсүндө активдүүлүктүн ылдамдашы байкалууда. Бул сектор өлкөдө азырынча кеңири жайыла элек болсо да, ал активдүү ишкердик базанын жана санариптик коммерциядагы күчтүү мамлекеттик-жеке диалогдун аркасында тездик менен өсүп жатат.

Кыргыз Республикасында электрондук коммерция калыптануу жолунда. Ушуга байланыштуу азыркы учурда электрондук сооданы өнүктүрүүгө багытталган бардык аракеттерди жана процесстерди активдештирүү зарыл, - деп баса белгиледи Р.Киселева.

Ал ошондой эле министрлик тарабынан Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) колдоосу менен 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук сооданы колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программанын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыкканын эске салды. Ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы токтому менен жактырылган.

Мындан тышкары, ЭСБнун каржылык колдоосу менен Дубай, БАЭ Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү үчүн “Борбордук Азияда электрондук коммерциянын потенциалын колдонуу” аттуу конференцияга катышуу үчүн үстүбүздөгү жылдын март айында эки күндүк таанышуу сапары уюштурулгандыгы белгиленди.

Иш-чаранын негизги максаты катышуучуларга билим алмашуу мүмкүнчүлүгүн берүү, мамлекеттик-жеке кызматташуунун потенциалдуу багыттарын изилдөө, каралышы керек болгон негизги улуттук саясаттарды жана ченемдик укуктук актыларды аныктоо, ошондой эле аймактык соода кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

Окуу турунун жүрүшүндө катышуучулар Dubai Commerce City, Astrolabs, DHL жана башка электрондук коммерция менен алектенген компанияларга барышты.

Азыркы учурда мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштырууга, институционалдык чөйрөнүн сапатын жакшыртууга жана Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталууга тийиш болгон реформаларды, чараларды жана аракеттерди жүргүзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Андан ары рыноктун өнүгүшүнө сереп салуу, экономикалык жана социалдык-экономикалык өсүштүн мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү, Дубайга болгон таанышуу сапарынан алынган жыйынтыктар сунушталды. Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев Кыргызстандагы электрондук коммерция тармагындагы жаңылыктарга токтолду.

«Электрондук коммерция паркы» долбоору боюнча КР Экономика жана коммерция министрлигинин Соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жусумалиев маалымат берди.

Маалымат иретинде:

Ready4Trade Central Asia – бул Эл аралык соода борбору тарабынан Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташтыкта Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан 4 жылдык долбоор.

Долбоор трансчек аралык талаптардын ачыктыгын жогорулатуу, жөнгө салуучу жана процедуралык тоскоолдуктарды жоюу, бизнестин соода формалдуулугун жана стандарттарын сактоо боюнча потенциалын күчөтүү аркылуу Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө аймактык жана жана чек арадагы электрондук сооданы жакшыртуу аркылуу эл аралык сооданы өнүктүрүүнү колдоого багытталган.

Ready4Trade Central Asia долбоорунун бенефициарлары болуп өкмөттөр, чакан жана орто ишканалар, атап айтканда, аялдар жетектеген ишканалар жана бизнести колдоо уюмдары саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу