СМБ тарабынан отчёттук мезгилде 2431 мамлекеттер аралык стандарттардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүлдү

Новости
26-Июль 2015-ж.
2001
""""Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (СМБ) тарабынан отчёттук мезгилде 2431 мамлекеттер аралык стандарттардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүлдү.

2015-жылдын 23-июлунда КР Экономика министринин жетекчилиги алдында, өлкөнүн вице-премьер-министри В.Дильдин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда министрликтин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү, мында «Евразия экономикалык биримдигине өлкөнүн кошулуусу боюнча жүргүзүлүүчү иштердин алкагында КР Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (СМБ) иши жөнүндө» маселе каралды.

СМБ директору Бердимамат Аданбаевдин сөзү боюнча. 2015-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо, маалыматтык камсыздоо, эл аралык кызматташуу жаатында СМБ жүктөлгөн милдеттерди жана максаттарды ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш жүргүзүлдү.
СМБ иши «КРгы техникалык жөнгө салуунун негиздери тууралуу», «Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу тууралуу» КР Мыйзамдарына, «Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү жөнүндө» Макулдашууга жана Бажы биримдигине (ББ) КРдин кошулуусу боюнча жол картасына ылайык жүзөгө ашырылды.

Отчёттук мезгилде белгиленген тартипте мамлекеттер аралык стандарттардын 2432 долбооруна экспертиза жүргүзүлдү, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин кабыл алынган техникалык регламенттерине (ЕАЭБ ТР) мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына киргизилген.

788 мамлекеттер аралык стандарттар (ГОСТ) колдонуу үчүн кабыл алында, анын ичинде- 483 стандарттар ЕАЭБ ТР стандарттарынын тизмегине киргендер.

ЕАЭБ ТР талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү максатында СМБ ЕАЭБ ТР стандарттардын тизмегин талдоо жана КР улуттук документтери катары ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын кабыл алуу боюнча ишти жүргүзүүдө.

Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ТР үчүн стандарттардын тизмегине жана чарбакер субъекттердин билдирүүлөрү боюнча КРдин улуттук стандарттары катары: Россия Федерациясынын 540 стандарттары (ГОСТ Р), анын ичинде ЕАЭБ ТР стандарттардын тизмегине кирген 507 стандарттар; ЕАЭБ ТР стандарттар тизмегине кирген, Беларусь Республикасынын 127 стандарттары кабыл алынды. Мындан тышкары 50 фитосанитардык эл аралык стандарттар жана документтер, 2 африкалык стандарттар жана КЭР 1 стандарты.

У.ж. 1-июлуна карата ЕАЭБ ТР талаптарынын сакталышын камсыздоочу стандарттардын тизмегинин 93% ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык стандарттарынын (ГОСТ) жана улуттук стандарттарынын тизмегине кирген тексттер менен камсыздалды. Бардыгы болуп бул максаттар үчүн 1117 ар түрдүү стандарттар кабыл алынды.

Жогоруда берилгендердин отчёттун негизинде:
-2015-жылдын 30-декабрындагы КРӨ токтомуна Бажы биримдигинин ТЭИ ТН коддоруна КРдин ТЭИ ТН коддорун өзгөртүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун тездетүү жана «Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү тастыктоо жөнүндө» КРӨ 2007-жылдын 23-октябрындагы токтомун ББ талаптарына шайкеш келтирүү боюнча;
-стандартташтыруу. метрология жана жалпысынан техникалык жөнгө салуунун системасындагы маселелерге ЕАЭБ ТР киргизүүгө жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн тартылгандыгы маселесин карап чыгуу зарыл.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу