Учурдагы жылда МКМИ ишинин негизги багыты- чарбакер субьекттерди маалымдоо

Новости
26-Июль 2015-ж.
1997
""""Учурдагы жылда Метрология көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын (МКМИ) ишинин негизги багыты товарларды өндүрүү жана импорттоо боюнча чарбакер субъекттер менен иштөө болду.

Бул тууралуу МКМИ директору Айнура Ахмеджанова 2015-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын жыйынында 23-июлда билдирди.

Тактап айтканда, «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш жүргүзүлүүдө.

2014-жылдын 9 айында 658 текшерүү жүргүзүлгөн. Алардан 452си бузуулар менен, бул 68,6% түзөт. Өлчөө каражаттарынын (ӨК)741204 бирдигине ревизия жүргүзүлдү, текшерилбеген ӨК-16534 бирдик табылды. Анын ичинде: мамлекеттик мекемелер 196 обьект, бузуулар менен 146 обьект, бул (74,4%) түздү; ишкердик субъекти- 462 обьект, бузуулар менен 306 обьект, бул 66,2%ды түздү. 426500 сом суммасына айып пул салуу жөнүндө 95 токтом чыгарылды.

Мында 658 текшерүүдөн соңку 10 жылда метрологиялык көзөмөлгө биринчи жолу туш болгондор-450 обьект, бузуулар 361 обьектте табылды, бул 80,2%ды түзөт. Экинчи ирет жүргүзүлгөн текшерүүлөр: 208 обьектте, бузуулар менен-91 обьектте, бул 43,7%ды түзөт.

2015-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн 384 текшерүү жүргүзүлгөн, алардын ичинен 262 обьекттерде бузуулар табылды, бул 68,2% түзөт, ӨК 20589 бирдигине ревизия жүргүзүлдү, текшерилбеген ӨК 2420 бирдиги табылды. Анын ичинде: мамлекеттик мекемелер 103 обьект, бузуулар менен 70 обьекттер, бул 68% түздү. Ишкердик субъекттери 281 обьект, бузуулар менен 192 обьект, бул 68,3% түздү. 224000 суммасына айып пулду салуу жөнүндө 52 токтом чыгарылган

Мында 384 текшерүүлөрдүн биринчи жолу: 266 обьекттерде жүргүзүлдү, 203 обьекттерде бузуулар табылды, бул 76,3%ды түзөт. Экинчи жолу жүргүзүлгөн текшерүүлөр: 118 обьектке, бузуулар менен- 59 обьектте, бул 50% түзөт.

МКМИ иши жөнүндө отчётту маалыматка алып, коллегия токтом чыгарды:
кызматкерлердин дареметин туруктуу жогорулатуу системасын түзүү жана киргизүү; өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө мыйзамдын талаптарын сактоо жөнүндө чарбакер субъекттерди маалымдоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу