Экономика министрлиги тарабынан «КРгы улуттук холдинг компаниялары жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыкты

Новости
23-Июль 2015-ж.
2136
2015-жылдын 5-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясын ишке ашыруу максатында Экономика министрлиги тарабынан «КРгы улуттук холдинг компаниялары жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Бул долбоор чарбакер коомдордун уставдык капиталдарында акциялардын мамлекетке таандык пакетин (үлүшүн) башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Өкмөт тарабынан холдингдик компанияларды түзүү мүмкүндүгүн мыйзамдуу түрдө бекитет. Мындай холдингдердин негизги арналышы мамлекеттик активдердин наркынын узак мөөнөттүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. «Холдинг» принциби боюнча мамлекеттик активдерди башкаруу механизми улуттук холдингдик компания тарабынан бирдиктүү финансылык, инвестициялык, дивиденддик жана кадрдык саясатты жүргүзүүнүн эсебинен мамлекеттик компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик катыш менен чарбакер коомдордо бир катар бизнес-процесстерди оптимизациялоого мүмкүндүк түзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу