Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча токтомдун долбоору

Новости
19-Июль 2015-ж.
2330
КР Экономика министрлиги «Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга карата КРӨ иш-чаралар планын бекитүү тууралуу» Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарууда.

КР Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору «Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга карата КР Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу» КР Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында даярдалды.

«Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга карата КР Өкмөтүнүн иш-чаралар планына» программалык документтерде каралган чараларды кайталоону жокко чыгаруу, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине КР кошулуусун эске алуу менен улуттук экономиканы чыңдоого багытталган иш-чараларды толуктап иштеп чыгуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда.

Жогоруда белгиленген долбоор боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгына 62-05-35 (+125) телефону боюнча же b.moldobaeva@mineconom.gov.kg эл. дарегине жөнөтүү керек

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу