“Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес” деген ураандын алдында тегерек стол болуп өттү

Новости
16-Март 2023-ж.
1827

2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, мекемелердин өкүлдөрүнүн, массалык информация жана коомдук уюмдар тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун темасы: “Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес”. Иш-чаранын негизги максаты – Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, мекемелер жана уюмдар менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында керектөөчүлөргө маалымат жана кеңеш берүү болуп саналат.

Иш-чарага төмөнкү министрлик, уюмдардын өкүлдөрү катышты:

Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук банк, Бишкек шаарынын 4 районунун акимдеринин биринчи орун басарлары, Дары-дармек жана медициналык техника департаменти, Мамлекеттик экспертиза башкармалыгы, МЭКтин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору, Соода-өнөр жай палатасы жана башкалар.

Иш-чараны Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков ачып берди. Ал өз сөзүндө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы монополияга каршы мамлекеттик органдын чоң ролун белгилеп, ошондой эле 2022-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгын жана 2023-жылга пландаштырылган иш-чараларды жарыялады.

Ал бардык катышуучуларды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелеринде жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кызмат тегерек столдун катышуучуларынын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске алуу менен керектөөчүгө керектүү маалыматты тез жана натыйжалуу алууга жардам бере турган керектөөчүлөрдүн аракеттеринин алгоритмин кабыл алды. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу